Жаңылыктар
Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында күч сынашат
Спорт
Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында күч сынашат

Кыргызстандык балбандар Таиландда өтө турган Азия чемпионатында күч сынашат. Күрөш федерациясы билдиргендей,20-июлдан 23-июлга чейин Бангкок шаарында грек-рим, эркин жана кыздар арасындагы күрөш боюнча Азия биринчилиги өтөт. 

Мелдеште өлкө намысын 26 спортчу коргойт. Алардын 20сы эркек балдар жана алтоосу кыздар арасында күч сынашат. Жалпы чемпионатка Кыргызстандын атынан 35 адамдан турган делегация барат.