Жаңылыктар
“Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдердин” форуму өтүүдө
Саясат
“Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдердин” форуму өтүүдө

Ага 12 өлкөдөн 20дан ашуун элдин өкүлдөрү, тарыхчы, филолог, маданият таануучу, антрополог, этнолог, лингвист жана фолклорду изилдөөчүлөр катышууда. Анда Евразиядагы Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый, этностук, тилдик жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөр, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктары талкууланып жатат. 

Форум 21-23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып, анын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынат.