Жаңылыктар
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине 2 жыл болду
Экономика
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине 2 жыл болду

Бул аралыктагы жетишкендиктер, тоскоолдуктар жана уюмдун келечеги тууралуу Бишкекте талкууланды. Адистердин башын бириктирген ЕАЭБке байланыштуу жыйындар байма-бай өтүп келет. Бул ирет тегерек столго Кыргызстандын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары, ишкерлер жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн Евразиялык экономикалык комиссиясынын мүчөлөрү катышты. 

Жолугушууда Кыргызстан биримдик алкагында жигердүү аракеттерди көрүп, ички дүң продукциясынын өсүшү алдыда бара жатканы айтылды. Экспорт жаатында дагы алгылыктуу иштер жасалууда. Ошондой эле,бул биримдикке киргенден кийин Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизге бир катар жеңилдиктер каралганы баса белгиленди.