Жаңылыктар
Кыргызстандык окуучулар АКШда өткөн “Генийлер олимпиадасында” алтын байге алышты
Билим
Кыргызстандык окуучулар АКШда өткөн “Генийлер олимпиадасында” алтын байге алышты

Сарамжалдуулукту салтка айландыруу керек. Дал ушул идеяны туу туткан кыргызстандык окуучулар АКШда өткөн “Генийлер олимпиадасында” алтын байге алышкан. Жеткинчектердин күнүмдүк турмушта колдонуп жаткан электр энергиясынан тартып кагазга чейин үнөмдөө зарыл экенин эскерткен чакан ролиги чет өлкөдө жогору баага арзыган. 

Табият менен таттуу мамиледе болуп, жаратылышты коргоого, адам баласына керек болгон бардык ресурстарды үнөмдөөгө чакырык жасаган тасма эң жогору баага арзыган. Ысырапкорчулуктун зыянын мектептеги мисал менен түшүндүргөн окуучулар ар бир жерде сарамжалдуулук салтка айланса, мамлекет үчүн пайдалуу болоорун белгилешкен. Идея улуу муунга эмес, окуучуга таандык. Анын акыбети кайтып, алтын медаль тагынган көз ирмем эми көпкө унутулбайт.
“Генийлер олимпиадасы” глобалдык көйгөйлөрдүн алдын алууга багытталып, ага 18 жашка чейинки балдар катышат. Быйылкы иш-чарада кыргызстандыктар жалпысынан 5 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болгон.