Жаңылыктар
Челябинск облусу Бишкек менен ар тараптуу кызматташууну арттырууга даяр
Экономика
Челябинск облусу Бишкек менен ар тараптуу кызматташууну арттырууга даяр

Орусияда өндүрүш боюнча алдыңкы орунда турган Челябинск облусу Бишкек менен ар тараптуу кызматташууну арттырууга даяр. Бул туурасында ишкерлер жана бир канча мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүн баштап келген Челябинск облусунун губернатору билдирди.

Конокторго ошондой эле Кыргызстанда салынуучу соода борбордун макети да көрсөтүлдү. Борбордун курулушу менен орус тилдүү ишкерлерди бир жерге топтоп, өндүрүштөгү жаңылыктардын баары жарыяланып туруучу жайга айлантат.

Челябинск губернатору жетектеген делегация ишкерлерден сырткары, премьер-министрдин экономика маселелери боюнча орун басары Олег Панкратов жана Бишкек шаарынын жетекчилиги менен жолугушаары күтүлүүдө.