Жаңылыктар
Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулуш иштери 60 пайызга бүткөрүлдү
Экономика
Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун  курулуш иштери 60 пайызга бүткөрүлдү

Азыркы учурда жолдун айрым жерлеринде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүүдө.Аны менен катар эле 4 чакырымга созулган туннелди казуу иштери эки тарабынан тең жүрүүдө.

Асфальт басуу иштери Таран-Базар-Жалал-Абад участкасынын 385-433-чакырымынын ортолугунда жүрүп жатат.Жолдун экинчи катмарына төшөлүп жаткан асфальт 4 чакырымдан ашып калды. Ал эми Таран-Базар-Жалал-Абад тилкесинин жалпы узундугу 48 километрди түзүп,учурда иштин аткарылышы 70 пайызга жетип калган.
Жолдун экинчи баскычы Казарман-Арал участкасынын курулушу да 2016-жылы башталып,учурда 30 пайызга жумуш аткарылган.100 чакырымга созулган экинчи фазаны бүткөрүү мөөнөтү 2020-жылдын аягына пландалууда.Эске сала кетүүчү жагдай Жалал-Абад-Балыкчы жолунун курулушу 3 фазага бөлүнгөн. Биринчиси - Жалал-Абад - Казарман, экинчиси Казарман - Арал жана үчүнчүсү Арал - Кочкор - Балыкчы участкалары, ал эми курулуучу жолдун узундугу болсо 433 чакырымды түзөт.Жолду куруу иштерин кытайлык “Чайна роуд” компаниясы жүргүзүүдө.