Жаңылыктар
Кыргызстанда тоо туризмине кызыккандар көбөйдү
Туризм
Кыргызстанда тоо туризмине кызыккандар көбөйдү

Кыргызстанда туризмден түшкөн салык төлөмдөрү көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттө өткөн жыйында белгилүү болду. Маалыматка караганда, 2016-жылы туризмден республикалык бюджетке 103 миллион 500 миң сом түшкөн. Ал эми ички дүң продукциядагы туризмдин үлүшү 21 миллиард 458 миллион сом болгон. Өкмөттүн билдиришинче, бүгүнкү күндө тоо туризмине чет элдиктердин кызыгуусу артууда.

Учурда 3 миңге жакын милиция кызматкерлери курорттук аймактарда коомдук тартипке көз салып жатышат. 2016-жылы чет жактан Кыргызстанды көргөнү, эс алганы келгендердин жана өлкөгө кирип-чыккандардын саны 3 миллион 800 миңден ашкан.