Жаңылыктар
ӨКМ: сууга чөккөндөр изделүүдө
Кырсык
 ӨКМ: сууга чөккөндөр изделүүдө

Кыргызстан аймактарында сууга агып кеткен эки эркек киши жана 10 жаштагы кызды куткаруучулар издеп жатышат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

10 жаштагы кыз Сокулукта сууга агып кеткен, ал эми эркек кишилердин бири 29 жаштагы жаран Жети-Өгүз районунун Тамга айлындагы пансионатта көлгө түшүп жатып чөгүп кеткен. Экинчи, 52 жаштагы киши Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 270-чакырымындагы "Төрт-Гүл" суу сактагычына куйган каналга сууга түшүп жатып агып кеткен.

Учурда аларды үч киши 17 куткаруучу издеп жатат.