Жаңылыктар
Ала-Бука районунун эки айылында көпүрөлөр ишке берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Бука районунун эки айылында көпүрөлөр ишке берилди

Ала-Буканын эки айылында автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп бүттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, көпүрө ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу" иш планынын негизинде курулду. 

Жапа-Салды айылында жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, 50 кожолукту тейлеген узундугу төрт метр болгон автоунаа өтүүчү көпүрө курулган. Ал эми Ак-Коргон айылында 300 кожолуктун жол каттамын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен 170 миң сом бөлүнүп, автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп ишке берилди.