Жаңылыктар
Сууга чөгүп каза болгондордун басымдуусу балдар
Кырсык
Сууга чөгүп каза болгондордун басымдуусу балдар

Быйылкы чөмүлүү мезгили башталгандан бери сууга агып каза болгондор жылдагыга салыштырмалуу кескин өскөн. Июнь айынын жыйынтыгында өлкөдө  дарыя-сууларда 26 адам агып көз жумган. Алардын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр.  Балдар көбүнесе ата-энесинин көзөмөлүсүз калган учурда кырсыкка туш болуп  жатышат. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин куткаруучулары  ата-энелерге балдарын көзөмөлсүз калтырбоону эскертип жатышат. Жакында эле  Ош-Араван каналынан сууга чөгүп кеткен баладан үмүт үзүлгөндөн кийин кайра  тирилди. 

Сууга чөгүп каза болгондордун басымдуусу балдар. Арасынан куткаруучулардын же жергиликтүү тургундардын жардамы менен аман калган учурлар кездешет. Мисалы, Ош-Арван каналынан 2-июль күнү 7 жаштагы өспүрүм агып кетип аны ошол эле айылдын тургуну куткарып сактап калган. Ал куткарган адам Дача айылынын тургуна Нурмамат Ташматов. Аман калган бала болсо азыр эч нерседен бейкапар, ойноп жүрөт. Бирок, Ошол күндү эстеткенде көзүнө жаш алып, ыйлай баштайт. Өспүрүмдүн апасы Мухабат Ибрагимова баласынын аман калганына ыраазы. Андыктан ата-энелер балдарын көзөмөлсүз калтырышпаса дейт.

Статистикада боюнча, суу жалмаган өмүрлөр өткөн жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп. Аба басымынын кескин жогорулашы элди дарыя-сууларга түшүугө мажбур кылып жатат. Анын айынан каргашалуу окуялар тынымсыз катталууда. Эске салсак, Оштогу адам өмүрүн алган кооптуу дарыялар Ак-Буура, Ош-Арван жана Увам каналдары, Яккалик жана Ак-буура-Он адыр каналдары да бар.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"