Жаңылыктар
Мындан ары Жапалак айылында арак сатылбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мындан ары Жапалак айылында арак сатылбайт

Ош шаарынын Жапалак айылында мындан ары арак сатылбайт. Айыл аймагынын жергиликтүү тургундары 19-июлда өткөн жалпы жыйында ушундай чечимге келишти. Натыйжада дүкөндөрдө сатылып жаткан жарым миллион сомдук спирт ичимдиктери таштандыга ташталды. 

14-июлда Жапалакта жашаган 83 жаштагы абышка кызуулук менен кемпирине бычак  сайган. 79 жаштагы кемпири сыртка чыгып, кансырап каза болгон. Айылдык жыйынга катышкандар мындан ары Оштогу Жапалак айылында арак саткандарга 50 миң сом айып салуу демилгесин колдоп чыгышты. Мындай чечим айыл элин сергек  жашоого үндөйт, - деди  Жапалак айылынын  аксакалдар сотунун төрагасы Жаныбек Камилов.               Жапалак  айылындагы дүкөндөрдөгү жарым милион сомго бааланган ичимдиктер жергиликтүү ишкерлер тарабынын сатып алынып, жок кылынды. Айтор, айылдагы 83 жаштагы абышканын карыгандагы жосунсуз жоругу бүтүндөй айылга чоң сабак болду. Учурда  орун алган  факты боюнча кылмыш иши  козголуп, тергѳѳ жүрүп жатат. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"