Жаңылыктар
Түркияда жер титирөө катталды
Дүйнө
Түркияда жер титирөө катталды

Түркиянын Бодрум аймагында күчү 6,3 баллга жеткен жер титиреди. Жер титирөө Эге деңизинде жергиликтүү убакыт боюнча 1:31де катталып, анын кесепетинен аймакта электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. 

Ошондой эле, деңиз көтөрүлүп, суу жээктерди каптаган. Мугла провинциясынын башчысы Эсенгүл Живелектин айтымында, жер титирөөдөн ири кыйроолор жана адам өлүмү катталган эмес. Бирок, жаракат алып ооруканага бир нече киши жеткирилген. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жабыр тарткандардын арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактап жатканын билдирди.