Жаңылыктар
Сариев БШКга колдоочуларынын кол тамгасы коюлган тизмени тапшырды
Саясат
Сариев БШКга колдоочуларынын кол тамгасы коюлган тизмени тапшырды

Президенттикке талапкер болууга арыз берген Темир Сариев биринчилерден болуп, Борбордук шайлоо комиссиясына колдоочуларынын кол тамгасы коюлган тизмени тапшырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүнкү отурумунун күн тартибинде президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берген бир катар жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн катоо, президенттик шайлоого коомдук байкоочуну аккредитациялоо жана жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелерин карады. 

Бул маселени кароодо суроо жаралды. Шайлоо ушул жылдын 6-июлунда өтсө, анын жыйынтыгын бекитүү иши кечиккенин ортого салынды. Баяндамачынын айтымында бул мезгил аралыгында шайланган талапкердин иш стажы жана документтеринин туп нускалары текшерилген.  

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"