Жаңылыктар
“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму Ысык-Көлдө уланууда
Маданият
“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму Ысык-Көлдө уланууда

Бүгүн, 21-июлда “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму Ысык-Көл облусунда уланууда. Эртең мененки саат 10:00 чамасында Өрнөк айылында Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунунун расмий ачылышы болду. 


Анда «Алтай көчү» экспозициясы көрсөтүлүүдө. Көргөзмө музейдин имаратында жайгаштырылды. Мындан сырткары, Борбордун аймагында алтай тектүү элдеринин жашоо образын көрсөтүү максатында көчмөндөрдүн жандуу музейи ачылат. Экспозициянын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышууда. 


Меймандардын катарында Башкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жана башкалар дагы бар. Бардык каалоочулар көргөзмөнү ушул жылдын 31-августуна чейин көрө алат.