Жаңылыктар
БШК: президенттикке талапкерлердин саны 34кө жетти
Шайлоо 2023
БШК: президенттикке талапкерлердин саны 34кө жетти

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз бергендердин саны 34кө жетти. Өкмөттүк эмес уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын төрагасы, балдар-өспүрүмдөр “Ай-Данек” гезитинин башкы редактору, Токтайым Уметалиева президенттикке ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.

Ошондой эле, өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу арызын Садыр Жапаров дагы БШК тапшырган. Боршайкомдун маалыматына караганда, экөө тең өзүн өзү көрсөткөн. 34 талапкердин бешөөнү саясий партиялар көрсөтсө, калгандары өзүн-өзү көрсөткөн. БШК талапкерлердин арызын 1-августка чейин кабыл алат.