Жаңылыктар
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинен тест тапшырат
Билим
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинен тест тапшырат

2018-жылдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсүнө тест тапшырат. Мындай талап “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарда жазылган. 

Мамлекеттик кадр кызматы учурда кыргыз тилди билүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик кызматтардын тизмеси иштеп чыгууда. Тийиштүү кызматтар үчүн тил билүү деңгээлдери “Кыргызтест” бирдиктүү системасынын деңгээлдерине ылайык бекитилет. Тестирлөө мамлекеттик тилди өнүктүрүү улуттук программасын ишке ашыруу максатында уюштурулуп жатат. “Кыргызтест” системасы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоого жол ачат. Бардык каалоочулар kyrgyztest.gov.kg сайтынан тест тапшырып, күчүн сынай алат.