Жаңылыктар
UFC уюму Шевченко менен Нуньестин реванш-беттеши качан болоорун айтты
Спорт
UFC уюму Шевченко менен Нуньестин реванш-беттеши качан болоорун айтты

UFC уюму Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин реванш-беттеши качан болоорун расмий түрдө айтты. Маалыматка ылайык, мушкерлер UFC 215 турниринин алкагында 9-сентябрь күнү Канаданын Эдментон шаарында кармашат. 

Эске сала кетсек, Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июль күнү болмок. Бирок кармашка саналуу сааттар калганда Аманда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн. 

Нуньес кыз-келиндер арасында жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2016-жылы америкалык Ронда Роузду утуп, чемпион аталган. Эки мушкер чемпиондук үчүн беттешет.