Жаңылыктар
Көөнөрбөс көчмөндөр цивилизациясы борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Көөнөрбөс көчмөндөр цивилизациясы борбору ачылды

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитов, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белеков, Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын төрагасы Александр Жирков менен бирге Ысык-Көл облусунун Чоң Сары-Ой айылындагы "Курманжан Датка" атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун ачылыш аземине катышты.

Аземден соң, алар “Алтай көчү” деп аталган экспозиция менен таанышышты. Президент көчмөндөр цивилизациясы борборуна “Алай ханышасы” Курманжан Датканын атынын ыйгарылышы бекеринен эмес экенин белгиледи. 

Курманжан Датка - көчмөн элдин чыныгы жаркын өкүлү. Бул көчмөндөр үчүн демократия, гендердик теңдик мүнөздүү болгонун далилдеп турат. Биздин аялдар ар дайым эркин, ачык болушкан, ал гана эмес, эл башкарышкан. Кыргыз кыздары эч качан жүзүн жашырган эмес. Мен кыргызстандыктарды дин менен чоочун маданиятты чаташтырбоого чакырам. Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз, каада-салттарыбыз бар. Кыргыздай байыркы тарыхы бар элдер дүйнөдө аз, - деди Алмазбек Атамбаев. 

Андан соң, президент музейдин директору Аида Алымовага комплекске белек катары мурдагы замандарда сөөк менен кошо коюлуучу беткаптын репликасын жана Батыш Шибердин илгерки тарыхый картасын тапшырды. Андан кийин президент боз үйдү тез тигүү боюнча конкурсту ачып, коноктор менен бирге Алтай элдеринин боз үйлөрүн көрүп чыкты жана көркөм өнөр устаттары менен жолукту.

Мына ушул Өрнөк айылындагы комполекстин экспозициясында эң мыкты экспонаттар жана өлкөдөгү бир катар музейлерден баалуулуктар чогултулган. Борбордун аймагында Алтай элдеринин өкүлдөрүнүн жашоо образын чагылдырган 30 жасалгалуу боз үй жайгаштырылган. Көрүүчүлөр үчүн үч күн бою атайын маданий-этнографиялык программа болот. Музейдин аймагында мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон бийиктиги 4 метрден ашкан көчмөндөрдүн тулгасынын скульптурасы, ошондой эле бийиктиги 3 метрлик ээр орнотулган. Экспозиция 2017-жылдын 31-августуна чейин ачык.