Жаңылыктар
Өкмөт жыйынында мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салуу талабы коюлду
Билим
Өкмөт жыйынында мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салуу талабы  коюлду

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жетекчилерге мектептердин курулушун өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды. Өкмөттүн жаңы окуу жылына карата даярдыкты талкуулаган жыйынында мындан сырткары мектептерди интернет жана окуу куралдары менен камсыздоо, мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салуу талабы да коюлду. 

Соңку беш жылда жалпы өлкө боюнча 309 жаңы мектеп курулган. Алардын 77си былтыр бүткөрүлгөн. 2016-жылы мындан сырткары 100 мектепте капиталдык оңдоо иштери жасалган. Бирок, көйгөй биротоло жоюлуп калган жок. Өкмөттөн дагы көп иш талап кылынат. Өкмөт башчысы мектептердин курулушун белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды. Билим берүү тармагын маалыматтык технологиялар аркылуу жакшыртууну көздөгөн аткаруу бийлиги интернетти жайылтууну да максат кылат. Жаңы окуу жылына чейин кошумча 775 мектепти интернет менен камсыз кылуу пландалса, алардын 608инде иш аткарылды.

 

Мектептерди сапаттуу, ылдам интернет менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен 110 миллион сомдон ашуун каражат каралган. Алардын жардамы менен жалпы мектептердин 60 пайызында иш аткарылат. Калгандарын интернетке туташтыруу “Таза коом” долбоорунун алкагында келээрки жылы бүткөрүлөт.

Өкмөттүн чечими менен Ысык-Көлдөгү “Асыл” пансионаты Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүлүп, эс алуу жайын жаңылоо тапшырмасы берилген. Жээнбеков андагы жасалып жаткан иштерге да кызыкты. 1-августтан тартып пансионатка эс алуучулар барышы керек.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги билдиргендей пансионаттагы жалпы курулуш иштерине 377 миллион сом сарпталат. Тиешелүү каражат бөлүнгөн. Мамлекет башчысы 3 жыл мурда өкмөткө мугалимдердин ден-соолукту чыңдоочу комплекси үчүн жер бөлүүнү тапшырган. Эс алуучу жайдагы курулуш иштеринин жүрүшү жана жаңы окуу жылына даярдыктар эми өкмөттүн 18-августта өтө турган кеңири жыйынында да талкууланат.