Жаңылыктар
Ысык-Көлдө Геннадий Базаровдун “Туздуу өрөөн” көркөм тасмасы тартылууда
Маданият
 Ысык-Көлдө Геннадий Базаровдун “Туздуу өрөөн” көркөм тасмасы тартылууда

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде “Туздуу өрөөн” көркөм тасмасы тартылууда. Тасманын режиссеру Геннадий Базаров. Фильм драматург Мырза Гапаровдун адеп ахлак тууралуу философиялык “Туздуу чөл” пьесасынын негизинде тартылууда. ъемка тартылып аткан аймакка биздин кабарчыбыз да барып келди.

Тартуучу топ бул жердин аба ырайы мүнөт сайын өзгөрүп тураарын айтат. Мобилдик байланыш жоголуп, кайра пайда болуп, автоунаа көйгөйү да жаралып турат. Таң калычтуусу камера, микрафон жана башка керектүү техника үзгүлтүксүз иштеп жатат. Акыркы жылдары ата-мекендик тасмалардын көбү дал ушул түштүк жээкте тартылууда. Иш үстүндөгү актерлор көзгө көрүнбөгөн дүйнөнү сезишип, аны кандайдыр бир белги катары кабыл алып жатышканын айтышат.
Мистикалык кубулуштарга ээ бул аймак “Туздуу өрөөн” тасмасынын мазмуунуна шайкеш келет. Бул адеп тууралуу философиянын мисалы дейт Геннадий Базаров.
Тасманын сценрайи Мырза Гапаровдун пьесасынын негизинде жазылып, прозаик жана драматургдун элесине арналган.

Геннадий Базаров туруктуу режиссер.Ал 20 жылдан бери чогуу иштешип келе жаткан актердук курамды өзгөртпөйт. Башкы ролдордо эл артисттери менен эмгек синирген артисттер. Марат Алышпаев, Замир Сооронбаев, Назира Мамбетова, Жамиля Сыдыкбаева, Салкын Карабаев жана башкалар. Топтун арасында Гүлсина Чотонова да бар. Геннадий Базаров анын талантын 10 жыл мурда ачкан. Режиссер анын катышуусунда, Каракыз, “Метаморфоза”, “Жыйынтык” тасмаларын тарткан. 

Башкы оператор Тынай Ибрагимов. Аны Борбор Азиядагы эң мыкты оператор аташат. Үн режиссер Бакыт Ниязалиев кинодогу ишин 80-жылдары баштаган жана анын биринчи долбоору “Карышкырдын көз жашы” тасмасы болгон. Тасманы Коомдук каналдын “Кыргызфильм” киностудиясы тартууда. “Туздуу өрөөндүн” премьерасы ушул күздө болот.