Жаңылыктар
«Манас» эпосу башкырт тилинде басылып чыкты
Маданият
«Манас» эпосу башкырт тилинде басылып чыкты

Башкырт тилинде биринчи жолу басылып чыккан «Манас» эпосу кыргыз китеп сүйүүчүлөрүнө тапшырылды. Китептерди тапшыруу аземи "Алтай цивилизациясы жана алтай тил бүлөсүнүн тектеш элдери" форумунун алкагында өттү. Эпосту башкырт тилине Россия Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун Тил жана адабият институтунун чыгармачыл жамааты которгон. 

Китеп башкырт тилинде миң нускада жарык көрүп, анын жүз даанасы Кыргызстандагы китепканаларга жана окуу жайлардын китепканаларына ыйгарылды. Манас эпосун башкырт тилине которуу демилгеси, 2015-жылы Башкыртстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүн өткөрүү маалында көтөрүлгөн.