Жаңылыктар
Курулуш тармагында коопсуздук деңгээли кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Курулуш тармагында коопсуздук деңгээли кандай?

Өткөн аптада Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 32 жаштагы куруучу 8 кабаттан кулап түшүп, мерт кетти. Буга чейин адам кырсыктаган же өмүрү кыйылган учурлар көп эле катталган. Анткени салынып жаткан имараттардын көбүндө коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес.

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясында жалпы курулуш тармагын көзөмөл кылган кызматкердин саны болгону 20 ашат. 

Чындай келгенде алар баарын текшерип жөнгө салмак турсун, түшкөн арыздарды карап үлгүрө албайт. Курулуш ээлери мүмкүн ошондон улам моюн бербей жатабы деген суроо туулат.