Жаңылыктар
Бекзат Алмаз уулу Таиланддагы Азия чемпионатында коло медал тагынды
Спорт
Бекзат Алмаз уулу Таиланддагы Азия чемпионатында коло медал тагынды

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Бекзат Алмаз уулу ушул күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медал тагынды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Бекзат Алмаз уулу 22-июлда 42 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Ал эми Абдымалик Карачев менен Кадыржан Кыргызбаев 3-орун үчүн таймашта утулуп, 5-орунду алышты.

   

Грек-рим күрөшү, кыздар жана эркектердин эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугу 20-июлда Таиланддын Бангкок шаарында башталган. Буга чейин кыргыз балбандары бир алтын, үч күмүш жана төрт коло медалга ээ болушкан. 

Грек-рим күрөшүнөн Нуртазин Керимберди чемпион болсо, Байэл Сатиев менен Мустафа Гасанов күмүш, ал эми Марлен Асикеев, Аслан Тойчуев , Акылбек Талантбеков , жана Данияр Шеримбеков коло байге тагынып,Кыргызстан Иран жана Казакстандын командаларынан кийин жалпы командалык эсепте 3-орунду ээлешти. Ал эми кыздардын эркин күрөшүнөн Нураида Анаркулова күмүш байгеге ээ болду.