Жаңылыктар
"Кыргызстан коммунисттери" партиясы президенттикке талапкер катары Исхак Масалиевди көрсөттү
Шайлоо 2023
"Кыргызстан коммунисттери" партиясы президенттикке талапкер катары Исхак Масалиевди көрсөттү

"Кыргызстан коммунисттери" партиясы президенттикке талапкер катары Исхак Масалиевди алып чыкты. 22-июлда "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын курултайы өтүп, өлкөнүн аймактарынан келген 150дөн ашык делегет партиянын лидерин президенттик шайлоого талапкер катары чыгарууну колдошту.

 Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев президентиккке талапкер катары арыз менен кайрыла электигин БШКдан билдиришти. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 24-июлга карата президенттикке талапкер катары арыз бергендердин саны 37ге жетти. 

Арыз бергендердин 30у өзүн-өзү көрсөтсө, 7си саясий партиялардан сунушталган. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынып, акыркы тизме 10-сентябрда жарыяланат.