Жаңылыктар
Президенттик шайлоого талапкер болууну каалагандар көбөйүүдө
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоого талапкер болууну каалагандар көбөйүүдө

Президенттик шайлоого талапкер болууну каалагандар 37ге жетти. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жекшемби күндөгү отурумунда Мамлекет башчысы кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн дагы үч жарандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоого алынды.

Ал эми президенттикке көрсөтүлгөн Рита Карасартованын шайлоо боюнча өкүлү Салтанат Карасартованын ыйгарым укугу БШК мүчөлөрү тарабынан токтотулду.

“Кыргызстан коммунисттери” партиясы 22-июлда өткөн курултайында президенттикке талапкер катары Исхак Масалиевди алып чыкты. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз келе элек.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"