Жаңылыктар
Таиланд: адам сатып алып, кулга айландыруу адаты арбыды
Дүйнө
Таиланд: адам сатып алып, кулга айландыруу адаты арбыды

Россиянын lenta.ru интернет булагынын журналисти Алексей Куприянов “Таиланддык кул ээлөчүлөр”аттуу макаласын жарыялады. Анын айтымында ар бир жылы Таиланддын деңиз портунан он миңдеген кемелери Индонезиянын жээктеринен балык уулаганы кетет. Бул кемелердин экипажы толугу менен кулдардан куралат. Анткени кемелердин ээлери  буларды адегенде алдап эстен танганча арак ичирип, баңгизат чектирип же уурдап келип иштетет. Дени сак мындай  жумушчуларды траулердин кожоюндары   бир миңге жакын долларга сатып алат. Ал эми өспүрүмдөр, оорукчандар жана майыптарды кемелердин ээлери арзыбаган акчага алып коёт.

Белгилей кетсек траулердин кожоюндары өзүнүн мекендештеринен тышкары Лаос, Камбоджа  жана Бирманын жарандарын ушул ыкма менен сатып алат. Айрым учурларда  2-3 жылдан кийин кемелердин ээлери ушул жумушчуларга 200 же 300 доллар төлөп берет. Бир нече жыл бою алар кемеде тыңгылыктуу  тамак жебей, кир суу ичип, күнүнө  22 саат  бою иштейт, ооруп калса эч ким дарылабайт. Эгерде жогоруда айтылган жумушчулар   каршылык көрсөтсө, анда кожоюндары сабап же өлтүрүп, акулаларгы жем кылып океанга ыргытып ийиши да мүмкүн дейт кесиптешибиз.

Орус журналисттин пикиринде  ошол эле убакта  таиланддык кемелердин  ээлери  айрым жумушчуларын Жаңы  Гвинеянын  түштүк тарабында жайгашкан аралындагы  индонезиялык Бенджин шаарынан  алып келип, темир торго камаган. Бенджин шаарынын бийлиги траулердин кожоюндарынан пара алып, камалган жумушчуларга кордук көрсөтүп, айбанга жасаган мамиледей кылчу. Анын үстүнө таиланддык кемелердин ээлери Индонезиянын балык уулочу министирлигинин чиновниктерине пара берип, оңой эле лицензия  алган.

Бакыт Тапаев, "Биринчи радио"