Жаңылыктар
Алтай тектүү элдеринин форуму жемиштүү аяктады
Маданият
Алтай тектүү элдеринин форуму жемиштүү аяктады

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленген “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форуму” расмий түрдө аяктады. 

Ага 12 өлкөдөн 20дан ашуун элдин өкүлдөрү катышып, Евразиядагы Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый, этностук, тилдик жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөр, билим берүү жана маданий долбоорлор тууралуу сөз болду. 

Иш-чаранын калган бөлүгү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып, анын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынды.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"