Жаңылыктар
Бишкекке Орусиянын балет жылдыздары келет
Маданият
Бишкекке Орусиянын балет жылдыздары келет

19-март күнү Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Орусиянын театр жылдыздарынын аткаруусунда "Ак куу көлү" балетинин жаңычаланган көрүнүшу сунушталат. Бул туурасында маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди. 

Бишкекке Орусиянын эл артисти, прима-балерина Мария Аллаш менен Орусиянын эмгек сиңирген артисти Александр Волчковдун келиши күтүлүүдө. 


Негизи искусствону сыйлаган адамдар - түгөйлөр Мария Аллаш менен Александр Волчковду "Ак куу көлү" балетин эң мыкты деңгээлде аткарган - классикалык бийдин виртуоздору деп билишет.