Жаңылыктар
Түркиянын белгилүү саякатчысы кыргыз жергесинде
Туризм
Түркиянын белгилүү саякатчысы кыргыз жергесинде

Кыргызстанга Түркиянын белгилүү инсандарынын бири, "Түркия саякатчылар клубунун" президенти Орхан Курал бир нече туристтер менен келди. Уюштуруучулардын атайын өткөргөн пресс-конференциясында бул адамдын ишмердүүлүгүнө кызыгып, суроо узаткандар көп болду.

Орхан Курал негиздеген клубдун мүчөсү болуш үчүн, жок дегенде 30дан ашык өлкөнү кыдырып келүү керек. Саякатчылардын клубун түзүүнүн негизги максаты, күнүмдүк жашоого өзгөртүү киргизип, мекендештерин саякатка чакыруу, үндөөгө арналган. 

Ар бир барган жери тууралуу телерадиолорго гана маек бербестен, китеп дагы жазып келет. 200дөн ашык өлкөгө саякаттап, 12 китепти жарыкка чыгарган Орхан Курал кыргыз жергесинин жаратытылыш менен таанышып, меймандостугуна күбө болууда. Белгилүү саякатчынын пресс-конференциясы  USAID жана "Эгемендик" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулду.