Жаңылыктар
Өлкөдө логистикалык борборлор ачылат
Экономика
Өлкөдө логистикалык борборлор ачылат

Кыргыз өкмөтү айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн төрт багыттарын белгилеген. Алардын бири – логистика борборлорун ачуу. Азыркы кезде өлкө аймагында үч ири айыл чарба кампалары иштеп жатат. Анда сакталган айыл чарба азыктары сыртка экспорттолууда. 

Логистика борбору - экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуунун куралы экени адистер белгилешет. Келечекте ар бир облуста логистика борборлорун ачуу мерчемделүүдө. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде  экспорттун көлөмү көбөйүп, сырттан келген товарлардын көлөмү менен бирдей деңгээлде боло турганын айыл чарба, тамак аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин азык түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын адиси Алмаз Тыныбеков билдирди. 

Республикадагы эң ири логистикалык борбору Сокулук районунда жайгашкан. Анын 15 миң тонна айыл чарба азыктарын сактоо мүмкүнчүлүгү бар. Азыр мындагы кампада 7 миң тонна жашылча-жемиштер сакталууда.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"