Жаңылыктар
Жаңы мэр кызматка киришти
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы мэр кызматка киришти

Премьер-министр Темир Сариев жаңы шаар башчысы Албек Ибраимовду шаардык мэриянын эмгек жамаатына таныштырды. Өкмөт жетекчи борбор шаардын жаңы мэринин башкы милдети – Бишкекте тартип орнотуу, жашылдандыруу жана анын социалдык маселелерин чечүү экенин белгиледи.


«Учурда Бишкекте көйгөйлөр абдан көп жана мэр шаарга кам көрүү милдетин толугу менен өзүнө алуусу керек. Сиз мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов баштап кеткен иштерге жаңы дем берүү менен ал иштерди улантып кетээриңизге ишенем», - деди Сариев. Ошондой эле, премьер - мэрияга борбор жолдорун оңдоону колго алууну тапшырды.