Жаңылыктар
Өкмөт башчы жумушчу сапары менен Талас облусунда
Экономика
Өкмөт башчы жумушчу сапары менен Талас облусунда


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дубандарга жасаган жумушчу сапарын улантууда. Бул ирет өкмөт башчысы Талас облусундагы инфраструктуралык, социалдык объектилердин абалы менен таанышты. Ошондой эле айыл чарба ишканасын жана дубандагы ички жолдорду көрдү. Башка жолдор менен бирге Тараз - Талас - Суусамыр трассасында да иш кызуу жүрүп жатат. Курулуш облус борборуна чейин жеткириле турган долбоордун 3-фазасы аяктоо алдында. Буга чейин көйгөй болбогону менен калаанын ичинде тоскоолдуктар байкалды. Унаалардын чоң агымы ишти эрте бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Жолдун туурасы 15 метрге жеткирилип, мурдагыдан эки эсеге кеңейди. Иштин жүрүшү менен таанышкан өкмөт башчысы сапатка жана жолго керек болгон инфраструктурага көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи. Премьер-министр мындан сырткары “Аксай Сервис” машина-трактордук станциясына да баш бакты. Ишкана талаа жумуштарына зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырат. Акыны салыштырмалуу аз алгандыктан бул станциянын кардарлары көбөйүүдө. Анын эсебинен материалдык-техникалык база да чыңдалып жатат.

Жергиликтүү эл өкмөт башчыга бала бакчанын жоктугу башкы көйгөй экенин билдиришти. Аксай айылындагы имарат көп жыл мурда эле жеке колго өтүп кеткен. Премьер-министр бул көйгөйдү жоюуга убада берип, менчиктештирилип кеткен бала бакчалары кайра мамлекетке өткөрүлүп жатканын белгиледи. Аткаруу бийлиги кайтарып алуу менен чектелбейт, балдар үчүн жаңы имараттар курулуп жатат. Маселен, Жон-Арык айылындагы бала бакча 200дөй бөбөккө эшигин ачат.