Жаңылыктар
Ноокен районунда чек арага жакын айылдар артка көчүрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокен районунда чек арага жакын айылдар артка көчүрүлүүдө

Ноокен районундагы эки айылга таандык аймакты Өзбекстан менен чектешкен чек арадан 50 метр артка жылдыруу аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Тажибаев кабарлады. 

Маалыматта Кыргызстандын жоокерлери жүрүүчү жолго бир гана унаа батат деп айтылат. Мындай көрүнүш аскерлердин чек араны коргоосуна жолтоо болууда. Буга байланыштуу айылга таандык жер аймагын артка жылдыруу муктаждыгы келип чыккан. 

"Өзбекстан тарап өз чек арасынын аймагындагы 35 үйдүн тургундарын артка көчүрүп, чек араны зым менен тоскон. Учурда ар бир төрт саат сайын чек арачылар келип кайтарып турушат. Ал эми Кыргызстанда айылдарды 50 метр артка жылдыруу аракетинен 2004-жылдан бери майнап чыкпай келет", — деди Тажибаев. 

Ал ошондой эле учурда Чек айылынан 32, Бостон айылынан 22 үй-бүлөнү көчүрүү үчүн жергиликтүү бийлик айыл аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.