Жаңылыктар
Ипотекалык насыя алгандарга жеңилдик
Экономика
Ипотекалык насыя алгандарга жеңилдик

25-февралда ипотекалык насыялар үчүн 1,5 миллиард сом которулду. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Төраганын айтымында, коммерциялык банктардан доллар менен ипотекалык насыя алып, бирок доллардын наркы өскөндөн кийин төлөгөнгө келгенде кыйналып жаткан жарандарга көмөк көрсөтүү иретинде жалпысынан 3,1 миллиард сом бөлүү каралган. 

Мындан 2 миң 864 адам бул мүмкүнчүлүктү пайдалана алат. 2015-жылдын 1-июлуна чейин 40 миң долларга чейинки насыяга турак-жай алган жарандар карызын ошол кездегидей, 1 долларын 62 сом 14 тыйын менен төлөшөт. Долларды сомго которууда пайда болгон ортодогу айырма - 574 миллион сомду коммерциялык банктарга мамлекет төлөп бермей болду. 

Айта кетүүчү жагдай, бардык эле жарандардын доллар менен алган насыясы сомго которула бербейт. Ал үчүн насыяга алынган турак жай Кыргызстандын аймагында жайгашкан болушу керек. Андан тышкары берилген насыя боюнча соттук териштирүүлөр жок болушу зарыл. Ар бир жеке тараптын бирден гана насыясы сомго которулууга тийиш. Долларлык насыяны сомго которууга 20 күндүк убакыт берилген болуучу.