Жаңылыктар
Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин жыйыны өтөт
Маданият
 Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин жыйыны өтөт

 

Ысык-Көлгө КМШ мамлекеттеринин маданият министрлери чогулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. 

3-4-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында маданият жаатында кызматташуу кеңешинин 32-жыйыны өтөт. Билдирмеге караганда, тараптар 2016-2020-жылдар аралыгында маданият тармагында кызматташууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашат. 

Жыйынга КМШнын аткаруучу комитетинин жетекчилиги дагы катышат. Ошондой эле, кызматташуу кеңешинин алкагында "ART EXPO" эл аралык көргөзмөсүн жана "Шериктеш мамлекеттердин маданий борборлору" аттуу иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө сөз болмокчу.