Жаңылыктар
Жээнбеков: ыңгайлуулук жана коопсуздук туристтер үчүн мыкты жарнама
Туризм
Жээнбеков: ыңгайлуулук жана коопсуздук туристтер үчүн мыкты жарнама

Ыңгайлуулук жана коопсуздук туристтер үчүн мыкты жарнама болуп бере алат. Бул тууралуу премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен 2017-жылдагы жайкы эс алуу сезону боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп жатып билдирди. 

Ал эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана алардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине токтолду.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"