Жаңылыктар
Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан бир адам мерт кетти
Кырсык
Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан бир адам мерт кетти

24-июль күнү болжол менен саат 21.00 чамасында Бишкек-Балыкчы жолунда, Боом капчыгайынын ичинде  борбор калааны көздөй келе жаткан Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, унаанын ичинде төрт адам болгон. Кырсык болгон жерде бирөөсү каза болуп, жаракат алган үч адам Балыкчы аймактык ооруканасына жеткирилген. Жол кырсыгына катуу ылдамдык себепкер болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

"Жаракат алган 23 жаштагы жарандын мээси чайкалган, көп жери сыйрылган, башына кан уюп калган жана сыныгы бар. Абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экинчи жүргүнчү да 23 жашта. Анын башы жарылган жана омурткасы жабыркаган. Травматология бөлүмүнө жаткырылып, абалы орточо деп бааланууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми үчүнчү жаранга амбулатордук жардам көрсөтүлгөнүн маалымдашты.