Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлер “Кыргызтесттен” өтүшөт
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлер “Кыргызтесттен” өтүшөт

Улуттук тил комиссиясы президенттикке талапкерлерге жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө “Кыргызтест” системасын тааныштырды. Ушул жылдын 17-июлунда мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоодо тесттен өткөрүүнүн жоболорун өзүнүн буйругу менен бекиткен. 26-июлда түзүлгөн тартипке ылайык, мамлекет башчысынын кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү үчүн тесттирлөө башталат. 

Бардык шарттар эки этаптан, төрт чакан сынактан турат. Биринчи этапта талапкер каттоодон өтөт жана идентификациялык код алып, тестирлөөдөн өтүүнүн жол жобосу менен таанышат. Экинчи этапта талапкер тестирлөөдөн өтүп, жыйынтыгын угат. Президенттикке талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү БШКга мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сертификатын шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганга чейин, кечикпестен тапшыруусу керек. Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү "Кыргызтест" системасы аркылуу биринчи жолу аныкталат.

"График түзүлгөн, ошол боюнча эртеңден башталат. Күнүнө 4төн талапкерден тест алабыз деп атабыз. Аны 9 адамдан турган комиссия карайт. Негизи тесттин киргизилиши сынак алууда адам ресурсун азайтуу",- деди Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев.