Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда "Өрүк Фест-2017" иш-чарасы өттү
Айыл чарба
Ысык-Көл облусунда "Өрүк Фест-2017" иш-чарасы өттү

Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында "Өрүк Фест-2017" иш-чарасы өттү. Фестивалдын максаты Жети-Өгүз районунун өрүгүн башка чет жакка таанытуу, агросекторду өнүктүрүү жана айыл тургундарын жакындаштыруу болду. 

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн өрүгү бир жумадан кийин быша баштайт. Учурда Россияга экспортоо үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Ошондой эле, фестивалдын алкагында Тосор айылында самбо, волейбол, футбол, сууда сүзүү боюнча мелдештер өткөрүлдү.