Жаңылыктар
Өндүрүүчүлөргө өкмөт каржылык жардам көрсөтөт
Экономика
Өндүрүүчүлөргө өкмөт каржылык жардам көрсөтөт

Жергиликтүү өндүрүүчүлөргө өкмөт каржылык жардам көрсөтөт. Ага ылайык, «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо» долбооруна 350 миллион сом республикалык бюджеттен каралууда. 

Коюлган тапшырманын алкагында жергиликтүү базарга жана экспортко чыгарылган продукциялардын сапаты жогорулап, заманбап технологиялар багытында өндүрүш түзүлмөкчү. 

Ал  арада жергиликтүү экономистер экспортко багыт алган  ишканаларды мамлекеттик колдоого алуунун натыйжасында кошумча жумушчу орундары түзүлүп, элдин социалдык маселелери дагы чечиле баштарын айтышууда. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"