Жаңылыктар
"Ата керээзи" тасмасы Африкадагы фестивалда бир нече сыйлыкка татыды
Маданият
"Ата керээзи" тасмасы Африкадагы фестивалда бир нече сыйлыкка татыды

"Ата керээзи" тасмасы Африканын Дурбан шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда үч байгеге ээ болду. Бул тууралуу картинанын режиссеру Дастан Жапар уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Кинотасма Түштүк Африкадагы конкурстун баш байгесине татыган. Андан сырткары "Режиссердун мыкты иши", "Мыкты операторлук жумуш" наамдары боюнча да жеңип алган. 

"Дүйнөнүн башка бурчунда жүрүп баш байгеге ээ болдук. Бул кыргыз кинематографисттеринин бараандуу жеңиши", - деп жазган Дастан Жапар уулу социалдык тармактагы баракчасына.