Жаңылыктар
Ар бир шайлоо участок 5 миңге жакын шайлоочуну тейлөөгө жетишет
Шайлоо 2023
Ар бир шайлоо участок 5 миңге жакын шайлоочуну тейлөөгө жетишет

Бишкек боюнча 201 шайлоо участогу бар. 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого башка жакта каттоосу бар, бирок, Бишкекте жашагандар үчүн дагы 27 кошумча добуш берүү участогу түзүлөт. Ал жайларда жалпысынан 364 комиссия мүчөлөрү иштейт. 

Мындай чечим Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз 6-сессиясында кабыл алынды. Шайлоону өткөрүүгө катышкан комиссия мүчөлөрүнө саясий партиялардын жана коомчулуктун өкүлдөрү кирген. Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматында ар бир участок 5 миңге жакын шайлоочуну тейлөөгө жетишет. 

"Комиссия 2 жыл катары менен өткөн шайлоолордо изилдөө жүргүзүп, анын негизинде Бишкек шаары боюнча 27 гана кошумча участок жетет деген тыянак чыгарган. Мурда 39 кошумча участок түзүлчү",- деди Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев.