Жаңылыктар
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада төрт коло медалга ээ болушту
Билим
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада төрт коло медалга ээ болушту

Кыргызстандык окуучулар Бразилия жана Индонезияда өткөн эл аралык билим олимпиадасына катышып, төрт коло медаль алышты. Бул тууралуу эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди. 

17-19-июль күндөрү Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргызстандык Азизбек уулу Саадинур менен Жолдубай уулу Бекжол коло медаль алып, дагы үч окуучу Ардак грамота менен сыйланды. Ал эми Индонезияда өткөн физика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 11-класстын окуучусу Нурдөөлөт Өмүралиев менен 10-класстын окуучусу Азамат Мырзабеков коло медаль алышты. 

Мындан сырткары, үч окуучуга да ардак грамота берилди. Физика боюнча дүйнөлүк олимпиада 16-24-июлда Индонезиянын Йогьякарта шаарында өткөн. Ага 88 мамлекеттен төрт жүздөн ашык окуучу катышты.