Жаңылыктар
ӨКМ: сууга түшкөндө абайлаңыз
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: сууга түшкөндө абайлаңыз

Быйыл 1-июндан тарта, тактап айтканда 55 күндүн ичинде эле Кыргызстанда 64 адам сууга чөгүп кеткен. Мындан улам куткаруучулар сууга түшөрдүн алдында этияттап, коопсуздук эрежелерин жакшылап үйрөнүп алууга кеңеш беришүүдө. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдөгү коопсуздук сакталбаган учурлар күч алганын билдирүүдө. Сууга чөгүүнүн негизги себептери: тыюу салган жерге барып жуунуу, мас абалда түшүү, ата-энелердин балдарды көзөмөлдөбөшү жана сууда сүзгөндү билбөө болуп жатат. 

Кыргызстанда жыл башынан бери 96 адам сууга чөккөн болсо, алардын 30у жаш балдар. Адистердин айтымында, Чүй облусунда эле көлмөлөрдүн 60 пайызына түшүүгө тыюу салынган. Бирок, буга карабастан сууга түшүү мезгилинде бул жерлерде көп адамдын сүзүп жүргөнүн көрүүгө болот. Белгилей кетсек, Бишкекте үч эле көлгө түшүүгө уруксат берилген: алар Комсомол, Пионер жана ГЭС-5 көлү.