Жаңылыктар
УБ: 65 килограммга жакын алтын куймаларын сатты
Экономика
УБ: 65 килограммга жакын алтын куймаларын сатты

Улуттук банк 2015-жылдын май айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин  жалпы көлөмү 65 килограммга жакын алтын куймаларын сатты.  Долларга альтернатива катары каралып жаткан бул долбоор 2016- жылы кеңейтилет. Борбордук банктын  аймактагы  филиалдары алтын куймаларын сактоо үчүн жабдылып, адистер  окутулууда. Андан тышкары 2 коммерциялык банк алтын куймаларын сатууга лицензия алды.

Кошумчалай кетсек, адистер  эл аралык камдын көлөмү жыл ичи толукталып же кемип турарын айтып,  аны жыл соңунда жана башында салыштыруу туура болорун белгилешет.