Жаңылыктар
Жол чийинден өтүп бара жаткан кызды унаа коюп, каза болду
Кырсык
 Жол чийинден өтүп бара жаткан кызды унаа коюп, каза болду

Бишкекте жол чийинден өтүп бара жаткан кызды унаа коюп кеткенин социалдык тармактын колдонуучусу Эргали Аманбаев билдирди. Анын айтымында, окуя Токомбаев көчөсүндө 12-кичи райондун жанында болгон. 

"Токомбаев көчөсү менен 12-кичи райондун ортосундагы жол чийинден кызды унаа сүзүп кетип ал каза болду. Жол кырсыгынын келип чыгышына айдоочу калк жашаган аймакта катуу ылдамдыкта келе жатканы себеп болду. Буга чара көрүүнү суранам", — деп жазган колдонуучу. 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалынын маалыматына караганда, окуя болжол менен 25-июль күнү кечки саат тогуз жарымда катталган. Кыз 30 жаштын тегерегинде экен. Айдоочу из жашырган эмес, ал кармалды. Аталган факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.