Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлер кыргыз тили боюнча тесттен өтө башташты
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлер кыргыз тили боюнча тесттен өтө башташты

Бүгүн президент кызматына аттанган талапкерлер кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн өтө баштады. Мамлекеттик тил комиссиясынан алгачкы арыз берген төрт талапкердин ичинен биринчи болуп "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышановду сынактан өттү. 

Президенттикке арыз бергендер үчүн мамлекеттик тил сынагынан тестирлөө төрт субтесттен туруп, узактыгы эки саатка чейин созулат. Анда лексикалык-грамматикалык жазууга 50 мүнөт берилет. Аудио, окуу жана кыргыз тилинде сүйлөөгө 20-25 мүнөттөн бөлүнөт. Экзамен берип чыккандан кийин Нышанов мамлекеттик тилден сынакты тест аркылуу тапшыруу кыйын эмес экенин журналисттерге билдирди. Ал жооп берүүнүн жыйынтыгында 74 упай алды.
“Кыйын деле эмес экен, жакшы эле, сөздүн маанисин билген адамга оор эмес. Мен жакшы эле тапшырдым”,-деди президенттикке талапкер Назарбек Нышанов.