Жаңылыктар
Өкмөт башчы Өзгөндөгү жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы Өзгөндөгү жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар менен жолугушту

Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыгы катталгандан бери 3 ай өттү. Коопсуз аймакка көчүрүлгөн тургундарга жардамдар берилүүдө. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алардын жашоо шартынан кабар алып, конуштагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бердалы Калмурзаевдин ар күнү ушул жерде өтөт. Ал жаңы салынып жаткан үйүнүн жаратылыш кырсыгынан улам кыйраган мурдагы турак-жайына окшош болушун каалап, курулушка көзөмөл жүргүзүп турат. Үй-бүлө азырынча чатырда күн кечирүүдө. Эч кимге нааразы эмес. Бул жерде жаңы жашоону баштаганы турат.

“Мурда жашап, көнүп калган жерден башка жакка көчүп келүү оор экен. Бирок, өмүр баарынан маанилүү да. Андыктан бул жактан жер тилкеси сунушталганда дароо макул болдук. Коңшуларыбыздын баары биз сыяктуу эле үй куруу менен алек. Суук түшкүчө ишти аяктоо зарыл. Бул үчүн өкмөт жардам берип жатат”,- деди Жаман-Адыр айылынын тургуну Бердалы Калмурзаев.