Жаңылыктар
"Оймо-2017" эл аралык фестивалы өтөт
Маданият
 "Оймо-2017" эл аралык фестивалы өтөт

Бишкекте 27-30-июль күндөрү "Оймо-2017" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чара "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанындагы аянтчада уюштурулат. 

Эл аралык фестиваль борбор калаада башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат. 12-жолку фестиваль 1-августтан 6-августка чейин Чолпон-Ата шаарынын борбордук аянтында өтөт. Иш-чаранын негизги максаты - өлкөдөгү кол өнөрчүлүк рынокту өнүктүрүү, салттарды кайра жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу жана Кыргызстандын бермети - Ысык-Көлдү экологиялык жактан таза эл аралык маданий туризм аймагына айландыруу болуп жатат.