Жаңылыктар
Ажо болгусу келгендердин саны кыркка жетти
Шайлоо 2023
Ажо болгусу келгендердин саны кыркка жетти

Президенттик шайлоого катышууга ниеттенгендер 40ка жетти. Алардын 33ү өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жатса, жетөөсүн саясий партиялар көрсөтүшкөн. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого талапкер көрсөтүү жөнүндө арыздарды 2017-жылдын 1-августуна чейин кабыл алат.

Ал ортодо өлкө башчылыкка талапкерликке көрсөтүлгөндөргө мамлекеттик тилден тесттик сынак башталып, тизменин сап башындагылар ийгиликтүү тапшырышты. Алгачкы төрттүккө киргизилген “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев тил боюнча сынакка катышкан жок. БШК бул маселе мыйзам чыгаруу бийлиги, сот органдары тарабынан жөнгө салынарын айтууда. 

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"